Бишкекте маданий борбордун курулушу башталды
Бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Иш-чара Маданият министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынин колдоосу менен уюштурулду.
Аземге министр Мирбек Мамбеталиев жана борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Министр жаңы борбор театралдык жана кино көрсөтүүлөрүнүн, концерттердин коюлушуна, жаштардын демилгелеринин жана билим берүү программаларынын ишке ашышына шарт түзөрүн белгиледи.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул жерде жайгашкан «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имараты 2009-жылы министрликтин карамагындагы «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын имараты катары бекитилген. 2025-жылы авариялык абалда деп табылып, бузууга чечим кабыл алынган. Кийинчерээк имарат шаардык мэриянын балансына өткөрүлүп, жаңы заманбап борборду курууга каражат бөлүнгөн.