Бишкекте мобилдик бригадалар көбөйтүлүп, тынымсыз байланыш иштейт

6-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 21

Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаалды турукташтыруу учурунда мобилдик бригадалардын саны 8ден 13кө көбөйтүлүп, call-борбор тынымсыз иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Биринчи вице-премьер Бишкек шаарынын Ыкчам медицина борборуна барып, ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.

«Күн сайын коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатат. Коомдук жайларда, транспорттордо санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбай, жарандар бет кап кийбей калышты. Абалга байланыштуу инфекциялык ооруканага киши толуп, кошумча стационарларды ачуу пландалууда», — дейт Артем Новиков.

Өкмөт башчысы ӨКМге «кызыл зонада» иштеген дарыгерлерге ысык тамак уюштуруу, Бишкек мэриясына санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасын берди.

6-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X