Бишкекте санариптик жумуш жана жаңы кесиптердин келечеги талкууланды

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

2026-жылдын 13-октябрында Бишкекте санариптик иш менен камсыз болуунун жаңы формалары жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр талкууланды. Тегерек столдо бул багыттагы изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылып, санариптик кызматкерлердин укуктарын коргоо, социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу жана жаңы кесиптерди өнүктүрүү маселелери каралды.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурду. Анда Борбордук Азия университетинин изилдөөчүлөрү санариптик кесиптердин учурдагы абалы, кызматкерлердин эмгек шарттары жана кирешелери, ошондой эле тармактын өнүгүшүнө тоскоол болгон укуктук жана институционалдык маселелер боюнча маалымат беришти.

Министрдин биринчи орун басары Арлен Алиясов санариптик трансформация эмгек мамилелерин өзгөртүп, адамдарга киреше табуу, кесиптик жактан өнүгүү жана эл аралык эмгек рыногуна чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Анын айтымында, санариптик иш менен камсыз болуу, өзгөчө, жаштар, аялдар жана аймактарда жашаган тургундар үчүн маанилүү.Нет описания фото.

«Биздин милдетибиз — санариптик иш менен камсыз болуунун өнүгүшү киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен гана чектелбестен, татыктуу эмгек шарттарын, социалдык корголууну жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылган шарттарды түзүү», — деди Арлен Алиясов.

Талкууда санариптик платформалар аркылуу иштеген адамдардын социалдык корголушу, эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуу, гендердик теңчилик жана аярлуу топтордун мүмкүнчүлүктөрү да каралды. Ошондой эле кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик багыт берүү маселелерине көңүл бурулду.Возможно, это изображение учеба

Изилдөө министрлик менен Борбордук Азия университетинин кызматташтыгынын алкагында «Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» («Чебер») долбоорунун негизинде жүргүзүлгөн. Долбоор Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Helvetas Swiss Intercooperation уюму тарабынан ишке ашырылууда.

Тегерек столдун жыйынтыгында сунушталган изилдөө жана катышуучулардын пикирлери жумуш менен камсыз кылуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды даярдоодо колдонулат.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X