Бишкекте «ШКУ+» жыйыны башталды
Бишкекте бүгүн, 1-сентябрда, “ШКУ+” форматындагы жыйын башталды. Саммитке катышуу үчүн “Ырыс Ордо” конгресс-борборуна мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация башчылары келишти:
— Мисир Араб Республикасынын Премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса;
— БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш;
— Вьетнамдын Вице-президенти Во Тхи Ань Суан;
— Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян;
— Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Президенти Тхонглун Сисулит;
— Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух;
— Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе;
— Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев;
— Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган. Мамлекет башчыларын жана делегация башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.