Бишкекте таштандыны мыйзамсыз төккөн жер тилкесинин ээсине 23 миң сом айып салынды
Бишкек шаарында таштандыларды мыйзамсыз төгүү фактысы аныкталды. Окуя Байтик Баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайынын аймагында катталган.
Жеринде жүргүзүлгөн текшерүү учурунда таштандылар атайын белгиленбеген жерге ташталганы белгилүү болду.
Аталган мыйзам бузуу үчүн жер тилкесинин ээсине карата тиешелүү протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, аймакты таштандылардан тазалоо боюнча эскертүү берилип, жер тилкесинин ээсине тазалоо иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Тазалыкты сактоо — ар бир жарандын жоопкерчилиги!