Бишкекте тогуз айда 267 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду
2026-жылдын январь–сентябрь айларында Бишкекте 8 427 объект демонтаждалып, жалпы аянты 267 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Демонтаждалган объекттердин арасында 4 062 жеңил типтеги курулуш, 1 093 капиталдык курулуш, кошумча курулма, тосмо жана пайдубал, ошондой эле 3 272 жарнамалык конструкция бар.
Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект алынган. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын, Чоң Чүй каналынын жана башка суу объектилеринин жээктерин тазалоодо 56 курулуш демонтаждалган. Ал эми Түндүк айланма жолун реконструкциялоо жүрүп жаткан тилкеде 44 объект алынган.
Тогуз айда укук бузуулар боюнча жалпы суммасы 76 млн 144 миң сомду түзгөн 2 101 протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, муниципалдык жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы катары 85 млн 619 миң сом өндүрүлгөн.
Отчеттук мезгилде башкармалык сотко 50 доо арыз берип, 466 соттук отурумга катышкан. «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу тургундардан 1 032 кайрылуу түшүп, алардын 88и отчет даярдалып жаткан учурда кароодо болгон.
Мэрия муниципалдык жерлерди бошотуу жана шаар аймагында тартипти камсыз кылуу иштери улантыларын билдирди.