"Эркин-Тоо"

Бишкекте троллейбустардын техникалык абалы текшерилди

Бишкекте коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери протоколдорду түзүштү.

Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү. Айрым троллейбустар оңдолуп, линияга чыгарылды.

Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 120 троллейбус каттамга чыгат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!