Бишкекте тыгындар эмне үчүн көбөйдү? Рамиз Алиев түшүндүрдү

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113

Бишкектин жол инфраструктурасына түшкөн унаа агымы шаар жолдорунун долбоордук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашып кетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 550 миңдей унаа расмий катталган. Мындан тышкары, күн сайын шаарга жакынкы аймактардан дагы 200 миңге жакын унаа кирип-чыгат. Натыйжада Бишкекте суткасына болжол менен 750 миң унаа каттайт. Ал эми шаардын жолдорунун долбоордук мүмкүнчүлүгү 300–350 миң унаага эсептелген.

Вице-мэр жол тыгынын күчөткөн себептердин арасында унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин, жол эрежесин бузуп башаламан токтотууну жана жеке унааларды колдонуу кеңири жайылганын атады.

Мындан тышкары, административдик-аймактык реформадан кийин Бишкектин жол тармагынын жалпы узундугу 2800 чакырымга жеткен. Анын 1400 чакырымдайы, башкача айтканда, жарымы шагыл төшөлгөн жолдор.

Шаарда транспорттук өтмөктөрдүн, көпүрөлөрдүн жана учурдагы унаа агымын өткөрүүгө ылайыктуу кең жолдордун жетишсиздиги да негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X