Бишкекте үч күнгө курулуш иштерине чектөө киргизилет

28-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157

Бишкекте ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 30-августтан тартып үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерине жана оор атайын техникаларды колдонууга убактылуу чектөө киргизилет.

Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен өткөргөн жыйынында айтылды.

Чектөө эл аралык иш-чаралар учурунда шаардагы коопсуздукту, коомдук тартипти жана транспорттук-инженердик инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары, курулуш компанияларына атайын техникаларды коопсуз пайдалануу, энергетикалык жана инженердик коммуникацияларга зыян келтирбөө боюнча талаптар коюлду. Энергетикалык көзөмөл органдары жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өкүлдөрү электр объектилерине жакын аймактарда иш алып барууда өзгөчө этият болууга чакырды.

28-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X