Бишкекте V Элдик курултайга 71 делегат шайланды
2026-жылдын 10-октябрында Бишкектин үч районунда V Элдик курултайга катыша турган делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйындары өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Ленин, Октябрь жана Свердлов райондорунан жалпы 71 делегат тандалды.
Ленин районундагы № 104 муниципалдык аймактык башкармалыгында өткөн жыйынга 120дан ашуун тургун катышып, алардын добуш берүүсү менен 14 делегат шайланды.
Октябрь районундагы № 403 муниципалдык аймактык башкармалыгында 58 тургун катышкан жыйындын жыйынтыгында 25 делегат тандалды.
Ал эми Свердлов районунда № 305 муниципалдык аймактык башкармалыгынын «Ак-Бата» конушундагы № 43 мектепте өткөн жыйында 16 делегат шайланды. Ошондой эле № 306 муниципалдык аймактык башкармалыгынын № 5 мектебинде өткөн жыйындын катышуучулары дагы 16 делегатты тандашты.
Жыйындарда V Элдик курултайды уюштуруу маселелери жана делегаттарды шайлоонун тартиби талкууланды. Иш-чараларга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары да катышты.
Белгилей кетсек, делегаттарды шайлоо иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.