Бишкекте веложүрүш башталат
Борбор калаанын Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында 6-апрель күнү саат 10:00дө жазгы веложүрүш башталат. Саат 9.00дөн 10.00гө чейин катышуучуларга каттоо жүргүзүлөт.
Веложүрүш Абсамат Масалиев проспектинин Байтик Баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин уланып, финиши «Газпром-балдарга» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде болот.
Белгилей кетсек, жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 километрди түзөт.