Бишкекте «Жылдын мыкты педагогу» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
2026-жылдын 18–20-май күндөрү Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери арасында «Жылдын мыкты педагогу» аттуу шаардык сынак өткөрүлдү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругунун негизинде уюштурулду.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өттү:
- «Мыкты тарбиячы»;
- «Мыкты усулчу»;
- «Мамлекеттик тилдин мыкты мугалими»;
- «Мыкты музыкалык жетекчи».
Иш-чаранын негизги максаты — педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, чыгармачыл адистерди колдоо, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана педагог кесибинин кадыр-баркын көтөрүү болду.
Сынактын жыйынтыгында төмөнкү педагогдор жеңүүчү деп табылды:
«Мыкты усулчу» номинациясы
- I орун — Усон кызы Нуркыз, Ленин районундагы №21 «Баластан» бала бакчасы;
- II орун — Барчынай Абдыкамытовна Джакипова, Свердлов районундагы №35 «Баластан» бала бакчасы;
- III орун — Эркингүл Сакыевна Токбаева, Октябрь районундагы №182 «Баластан» бала бакчасы.
«Мыкты тарбиячы» номинациясы
- I орун — Анара Кумарбековна Кумарбекова, Ленин районундагы №18 «Баластан» бала бакчасы;
- II орун — Нурзада Бактыбековна Тулегенова, Свердлов районундагы №152 «Баластан» бала бакчасы;
- III орун — Эркайым Нурдин кызы, Ленин районундагы №55 «Баластан» бала бакчасы.
«Мамлекеттик тилдин мыкты мугалими» номинациясы
- I орун — Айзат Калыбековна Казиева, Октябрь районундагы №106 «Баластан» бала бакчасы;
- II орун — Бегимай Адылбековна Кубанычбекова, Первомай районундагы №77 «Баластан» бала бакчасы.

«Мыкты музыкалык жетекчи» номинациясы
- I орун — Нүрдолот Өмүркулович Өмүркулов, Ленин районундагы №118 «Баластан» бала бакчасы;
- II орун — Жазира Муратбек кызы, Первомай районундагы №2 «Баластан» бала бакчасы;
- III орун — Чынара Базарбек кызы, №182 «Баластан» бала бакчасы.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактар педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, заманбап билим берүү ыкмаларын жайылтууга жана борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.