Бишкектеги айрым май куюучу бекеттерде дизель жок болуп жатат

16-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 20

Бишкектеги айрым май куюучу бекеттерде дизель майы жок болуп жатат. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов мындай көйгөй бир гана Бишкекте эмес, жалпы Кыргызстанда болуп жатканын билдирди. Анткени тартыштык жаралууда. Тартыштыктын себеби Россияда дизель майынын аз болуп жатышы экени айтылды. «Албетте, мындай учурда суроо-талап күч алып, баалар көтөрүлүп кетти. Анткен менен товар жетиштүү көлөмдө жок болуп, аз-аздан гана сатылып жатат», — деди ассоциациянын президенти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X