Бишкектеги «Ош базарында» эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Белгиленген бааларды сактоо жана азык-түлүктүн негизсиз кымбатташына жол бербөө максатында «Ош базарында» рейд өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Ленин райондук ветеринардык кызматтын өкүлдөрү жана Мамлекеттик салык башкармалыгынын инспекторлору катышты.

Рейд учурунда соодагерлерге уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары) белгиленген бааларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатпоонун маанилүүлүгү эскертилди.Нет описания фото.

Эттин баасына мониторинг жүргүзүү жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуу талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштери мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X