Бишкектеги Тарых музейи 225 миң евро карыздын айынан ачылбай турат
Бишкектеги Тарых музейин ондогон немис компаниясына кыргыз тарап 225 мин евро карыз. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Самат Бөрүбаев Жогорку Кеңештин бюджет жанан финансы комитетинде депуттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Кыргызстан качан 225 миң еврону немис компаниясына төлөп бергенде гана, Тарых музеи иштеп баштайт. Ага чеийин алар биз менен сүйлөшпөйбүз деп жатышат», — деп жооп берди агенттиктин жетекчиси.
«Тарых музейинин иштебей тургандыгына 4 жыл болду. Бул жылдар аралыгында музей иштесе, элдин кирген акысы менен деле чыгашаларды жапмак. Кайсы келишимди карабайлы договор ушундай түзүлгөн деген шылтоону айтасыңар. Бизде келишимди Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алып түзгөн кесипкой юристтер жокпу?», — деп нааразачылыгын билдирди депутат Бурул Аманова.
«Музейдеги экспонаттар атайын программа менен түзүлгөн электрондук башкаруу системасы менен иштей тургандай жасалган. Ал система немистердин уруксаты жок иштебейт. Ал иштеш үчүн карызды төлөп бериш керек», — деп жооп берди Самат Борубаев.
Депуттар өкмөттүн Тарых музейинин карызын жаап берүү токтомун колдошуп, парламенттин жалпы жыйынын кароосуна жөнөттү.