Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнга белгиленди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалымдалгандай, каттамды кореялык “T’way Air Co., Ltd” авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.
Бул Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен биринчи туруктуу аба каттамы болуп саналат.