Бишкектиктерге жылытууга кеткен чыгымды төрт эсеге чейин азайтуу жолдору түшүндүрүлдү

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Бишкектеги Энесай-1 конушунун тургундарына жылуулук насосторун орнотуу жана аны каржылоо үчүн жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алуу шарттары түшүндүрүлдү. №21 мектепте өткөн маалыматтык жолугушууга 73 адам катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин адистери тургундарга 1 миллион сомго чейин, беш жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген насыя алууга болорун билдиришти. Каражат экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алууга, орнотууга жана ага байланыштуу кошумча чыгымдарды жабууга жумшалат.

Жолугушууда жылуулук насосторунун иштөө принциби, электр энергиясын керектөөсү жана ай сайынкы чыгымдар тууралуу маалымат берилди. Адистер жылытууга кеткен каражат үйдүн аянтына, жылуулук изоляциясына, жабдуунун өзгөчөлүктөрүнө жана аба ырайына жараша өзгөрөрүн белгилешти.Возможно, это изображение телевизор, динамик и текст

Сунушталган эсептөөлөргө ылайык, жылуулук насосун колдонуу көмүр менен жылытууга салыштырмалуу чыгымдарды дээрлик төрт эсеге чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн учурда жабдуулардын иштешине байланыштуу маселелер талкууланып, жылуулук насостору орнотулган үйлөр тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Маалыматтык жолугушуу Финансы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Make the headline sharper and shorterAdd a clear news lead
12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X