Бишкектин айрым көчөлөрүндө троллейбус кыймылы үзгүлтүккө учурады

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө бүгүн, 26-октябрда эртең менен троллейбус кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учурады. Маалыматка ылайык, буга Москва көчөсүндө троллейбус жүрүүчү электр зым үзүлгөнү себеп болгон.

Мэриянын билдирүүсү боюнча, учурда техникалык мүчүлүштүктөр калыбына келтирилип, троллейбустар жүргүнчүлөрдү ташууну улантууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X