Бишкектин бир бөлүгүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83

2026-жылдын 15-октябрында Бишкектин айрым аймактарында саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу берилбейт.

Суу өчүрүлө турган аймак Балтагулов, Юдахин, Алтымышев жана Бакаев көчөлөрү, ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектисинин батыш тарабы менен чектелет.
Муниципалдык ишкана тургундардан жана уюмдардан сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Ошондой эле пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алуу сунушталды.

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X