Бишкектин борборунда «бийлеген» фонтан ишке кирди
Бишкек мэри Айбек Джунушалиев бүгүн, 11-августта, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы жаңыланган фонтанды көрүп чыкты.
Фонтанда заманбап суу тазалоочу жабдуулар орнотулуп, жарык-музыкалык жана «бийлеген» фонтан системасы ишке киргизилди. Филармониянын айланасындагы дагы эки фонтан жаңыланып, аймакта ирригация, жарыктандыруу, видеобайкоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мэр подряддык уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюп, иштерди толук бүтүрүүнү тапшырды.