Бишкектин четиндеги конуштарды коомдук транспорт менен камсыздоо маселеси талкууланды
Бишкек шаарынын четиндеги конуштарды коомдук транспорттор менен камсыздоо жана инфраструктураларын жакшыртуу маселеси буга чейин парламентте бир нече ирет көтөрүлгөнү менен, тиешелүү органдар тарабынан бул багыттагы иштер аткарылган эмес. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Пархад Тулендыбаев билдирди.
«Мен шайлоочулардын алдында берилген убадалардын аткарылбай жатканына кабатырмын. Маселелерди биз бул жакта канча көтөрбөйлү, аны аткаруу жагы каралбай келет. Бул инфраструктураны жана транспорттук байланышты жакшыртуу суроолору», — деди депутат.
Депутаттын айтымында, «Кырман», «Айкол», «Биримдик Кут» жана бир катар жаңы конуштар коомдук транспорттор менен камсыздалышкан эмес.
«Бардык конуштардын тургундары Бишкек шаарына келип окуп, иштешет. Ар биринде 1,5 миңден 11 миңге чейин адам жашайт. Ал эми алардын транспорт маслеси ушул мезгилге чейин чечилген эмес», — деди Пархад Тулендыбаев.