Бишкектин мэриясы жаңы жол түйүндөр долбоорун тартуулады

16-март, 2023-ж. / Редакция / Аймак 20

Бишкекте гранттын эсебинен жаңы жол түйүндөрү салынат. Каражат «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы» (3-фаза) долбоорунун алкагында бөлүнөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Грант Кытай аркылуу бөлүнөт. Анын эсебинен эсебинен транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда.
Ошентип, планда:

• Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол түйүнү курулат. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;
• Т. Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрү аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу өтүүчү жолдор;
• Л. Толстой көчөсү — Жаш Гвардия бульвары менен кесилишине Жаш Гвардия бульварынан Э.Матиев көчөсүнө чейин Ала-Арча дарыясына көпүрө салуу менен транспорттук түйүн куруу. Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүн бойлой батыш багытында автотранспорттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;
• Анкара — 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрө куруу.

Учурда аталган объекттер жана техникалык документтер Кытай тараптын кароосунда турат.

16-март, 2023-ж. / Редакция / Аймак 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X