Бишкектин Свердлов районуна жаңы жетекчи дайындалды

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясында кадрдык өзгөрүү болду. Райондук администрациянын башчысы Медербек Амангелдиев Амангелдиевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Анын ордуна буга чейин Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Караев Бакыт Өмүрбекович дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

 

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X