Бишкек:«Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагы өтүп жатат

30-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 31

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин базасында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жыйынтыктоочу этабы өтүп жатат. Ага буга чейинки үч сынактын: райондук, шаардык жана облустук этаптардын жеңүүчүлөрү катышууда. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сынактын ачылыш аземине министр Болотбек Купешев, министрдин орун басары Надира Джусупбекова жана министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиевдер катышышты.

Иш-чарада министр мугалимдердин жана тарбиячылардын коомдогу өзгөчө ролун, алардын болочок муунду окутуп-тарбиялоодогу баа жеткис салымын баса белгилеп, сынактын бардык катышуучуларына ийгилик каалады.

Сынактын максаты:

  • мугалимдик жана тарбиячылык кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу;
  • мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдарынын таланттуу педагогдорун айкындоо, колдоо жана кубаттоо;
  • кесиптик баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү;
  • мыкты мугалимдердин жана тарбиячылардын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу ж.б.
    Сынак:
  • педагогикалык жамааттын билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча чыгармачылык жигердүүлүгүн арттырууга;
  • окуу процессин уюштурууда жаңы технологияларды кубаттоого;
  • мугалимдердин жана тарбиячылардын квалификациясын жогорулатууга;
  • коомдогу билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөөгө багытталган.
    Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2021-жылдын 5-октябрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт.
    Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.

30-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X