«Биз килем үстүндө күрөшсөк, ал жашоо үчүн күрөшүп жатат». Акжол Махмудов аукциондон түшкөн каражаттын басымдуу бөлүгүн Аруузаттын дарылануусуна жумшайт
Токио -2020 Олимпиадасындагы күмүш медалдын ээси, балбан Акжол Махмудов күрөшкө кийип чыккан трикосун аукционго коюп, аны 26 миң долларга сатты.
Бул акчанын басымдуу бөлүгүн ал оор илдет менен күрөшүп жаткан 2 жашар Аруузат Ташматованын дарылануусуна жумшайт. Бул тууралуу спортчу 7-каналга интервью берип жатып билдирди.
«Биз килем үстүндө күрөшсөк ал жашоо үчүн күрөшүп жатат. Мен аны көптөн бери көрүп, мүмкүнчүлүгүмө жараша аз акча болсо да которуп жүргөм. Бирок бүгүн кичинекей карындашыбызга чон суммадагы каражат менен жардам бергенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. Ошондуктан бул акчанын 60% Аруузаттын дарылануусуна жумшалат. Ал эми 30% кайрымдуулукка, калган 10% жаныбарларды сактап калуу үчүн иш алып барган фонддорго тапшырам» деди Акжол Махмудов.
Белгилей кетсек, аукциондун жүрүшүндө ишкер Бабур Толбаев каражаттын көпчүлүгү Аруузатка, калган суммасы «Апаке» кайрымдуулук фондуна жана Ак илбирсти сактап калуу фондуна жумшалаарын тактаган.
Эскерте кетсек, кыргызстандык 2 жашар Аруузат Ташматова чанда кезигүүчү генетикалык оору СМА (спинальная мышечная атрофия) оорусуна чалдыккан. Анын өмүрүн сактап калуу учун Гиннестер китебине дүйнөдөгү эң кымбат дары катары катталган Золгенсма керектелет. Анын баасы $2,3 млн турат.