Бизнести жана инвесторлорду коргоо. Санкт-Петербургда Кыргыз прокуратурасынын тажрыйбасы тааныштырылды

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 167
Россия Федерациясынын прокуратурасынын университетинин Санкт-Петербург юридикалык институтунда (филиалында) Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда өткөрүлгөн тегерек столдун алкагында, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ишкердик субъекттеринин жана инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы тажрыйбасы тааныштырылды.
Тегерек столдо ишкердик ишмердүүлүк чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокурордук көзөмөлдүн негизги багыттары, мамлекеттик органдардын бизнес субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүнүн алдын алуу чаралары, ошондой эле алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдери кеңири баяндалды.
Өзгөчө көңүл ишкердик субъекттеринин укуктук кепилдиктерин бекемдөөгө жана текшерүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталган санариптик инструменттерге бурулду. Тактап айтканда, «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо» «Инвесторлордун даттанууларынын реестри», proverka.gov.kg маалыматтык системалары жана «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси көрсөтүлдү.
Прокуратура тарабынан көрүлүп жаткан чаралар инвестициялык климатты жакшыртууга, ишкерлердин укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекет менен бизнес коомчулугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө өбөлгө түзүп жатканы белгиленди.
11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 167
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X