Блогерлерди салыктан бошотуу. Кыргызстанда блогерлер үчүн салык каникулу сунушталууда

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 504

КР Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча комментарий берип, президенттин жаңы демилгесинин маанисине токтолду.

Анын айтымында, Президенттин 2026-жылдын 11-июнундагы жарлыгына ылайык, блогерлерди, стартаптарды жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн беш жылга салыктан бошотуу сунушталууда.

«Эгерде сен продукт жаратсаң, код жазсаң, тасма тартсаң, стартапты өнүктүрсөң, креативдүү индустрияда иштесең, блог жүргүзсөң жана өз интеллектиң менен акча тапсаң, анда сага жол ачык. Жарат. Өс. Сага сонун мүмкүнчүлүктөр терезеси бар. Мамлекет беш жыл бою калькулятор менен сенин үстүңдө турбайт», — деди Шыкмаматов.

МСК төрагасынын пикиринде, экономиканын бул сектору жогорку өсүштү камсыздап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошо алат.

«Чындыгында, биз экономиканын эң активдүү жана таланттуу бөлүгүнө кайрылып жатабыз. Кыргызстанда калгыла. Башка жерден бакыт издебегиле. Өз долбоорлоруңарды ушул жерде түзгүлө. Бул мамлекеттик саясаттагы өтө олуттуу бурулуш», — деп белгиледи ал.

Ошол эле учурда Шыкмаматов жаңы саясаттын экинчи жагына да көңүл бурду. Анын айтымында, мыйзамдуу жана ачык иштегендер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлсө, көмүскө схемалар менен иш алып баргандар үчүн талаптар күчөтүлөт.

«Эгерде чынчыл иштегендер үчүн биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачсак, анда боз схемалар, контрабанда жана эсепке алынбаган товарлар менен жылдар бою бизнес кургандар үчүн жакшы күндөр бүтөт. Программист менен контрабандист мындан ары бир катарда турбайт. Жаратман жана мыйзамды айланып өтүп акча тапкан адам бул ар башка адамдар. Мамлекеттин аларга болгон мамилеси да ар башка болушу керек», — деди ал.

Белгиленгендей, сунушталган өзгөртүүлөр Кыргызстандагы инновациялык, технологиялык жана чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүгө багытталган.

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 504
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X