Болот Ибрагимов ЖКнын төрагасынын орун басары болду
Үстүбүздөгү жылдын 19-февралындагы Жогорку Кеңештин жыйынында жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Буга чейин «Мекенчил-Ынтымак» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына депутат Болот Ибрагимовдун талапкерлигин көрсөткөн. Анын талапкерлигин 53 депутат колдоду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.