Борбор калаада дартс боюнча чемпионат өттү

26-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
«Газпром-балдарга» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде чоңдор арасында дартс боюнча чемпионат өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын дартс федерациясы тарабынан уюштурулду.
Чемпионатка спорт чеберлери, дартсты сүйүүчүлөр жана бул спорттун түрү менен таанышкысы келген бардык каалоочуларды кошкондо жалпы 100гө жакын адам катышты.
Департамент маалымдагандай, чемпионаттын негизги максаты дартс спортун жайылтуу, жаңы спортчуларды тартуу менен спортту бул түрүн өнүктүрүү болуп эсептелинет.
26-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X