"Эркин-Тоо"

Борбордо, «Атам, апам жана мен — спорттук үй-бүлө» аттуу эстафета өттү

Бишкекте «Атам, апам жана мен — спорттук үй-бүлө» аттуу эстафетанын шаардык этабы өттү. Аталган иш-чара №29-мектебинде Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.

Эстафетага шаардагы төрт райондон келген 8 үй-бүлөлүк команда катышты. Ар бир команданын курамын — атасы, апасы жана 10 жаштан 15 жашка чейинки балдары түздү.

Иш-чаранын максаты — ден-соолукту чыңдоо жана спортко болгон кызыгууну балдарда гана эмес, ата-энелер арасында да жайылтуу. Анткени дени сак үй-бүлө — бул дени сак коомдун пайдубалы.

Жыйынтыгында эстафетанын жеңүүчүсү болуп Ленин районунун №2 МАБнын «Ак-Шумкар» командасы аталды. Экинчи орунду Свердлов районунун №18 МАБнын «Бүркүт» командасы ээледи, ал эми үчүнчү орунга Биринчи май районунун №15 МАБнын «Касым» командасы татыктуу болду.

Биринчи орунга — муздаткыч, экинчи орунга — кир жуугуч машина, үчүнчү орунга — сыналгы тапшырылды. Мындай баалуу белектер үй-бүлөлөр үчүн кошумча стимул болду.