Борбордо спорттук медицинаны өнүктүрүү талкууланды

25-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24

Бишкекте улуттук футболду жана спорттук медицинаны өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады..

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Кыргызстандын футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков, ошондой эле Жапониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү жана ыктыярчылар  катышты.

Жапониялык ыктыярчылар Улуттук футбол академиясынын студенттеринин ден соолугун чыңдоо боюнча сунуштарын беришти.

Каарманбек Байдавлетов Саламаттык сактоо министрлиги ата мекендик спортко активдүү колдоо көрсөтүп, спорттук медицинаны өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Таалайбек Масабиров мамлекет тарабынан футболду колдоо боюнча олуттуу аракеттер көрүлүп жатканын ири спорт объектилери курулуп, аймактарда спорт мектептери, академиялар ачыларын белгиледи.

 

25-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X