БШК: Кандай учурда партияларга күрөөлөр кайтарылат?
Бир мандаттуу округдардан талапкерлерин көрсөткөн партиялар Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине күрөөгө 1 миллион сом которот.
Кандай учурда күрөө кайтарылып берилет?
- 1 пайыздан аз эмес добуш алган болсо;
- Жогорку Кеңешке талапкерлердин тизмеси БШК тарабынан каттоого алынбай артка кайтарылса;
- шайлоо бюллютени жана текстти түзүлгөнчө ат салыштан баш тартса;
- шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса.
Кайсыл учурда күрөө кайтарылбайт?
- талапкерди, партиянын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин мыйзам бузгандыгы үчүн каттоодон баш тартса;
- партиянын добуштары жокко чыгарылса.