БШК көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин тактады
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердигин жөнгө салган жаңы жобону бекитти.
Чечим бүгүн, 9-сентябрда өткөн БШКнын жыйынында кабыл алынды.
Жаңы жобо менен топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталды. Эми ал талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, ошондой эле референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин көзөмөлдөп, финансылык отчетторду текшерүүгө байланышкан иштерди жүргүзөт.
Мындан тышкары, шайлоого талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсү, атайын эсеп ачышы жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу талаптар да такталды.
БШКнын маалыматына караганда, өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — мыйзамдардагы укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюп, терминдерди бирдей колдонууга шарт түзүү.