БШК парламенттик шайлоонун алдында тренингдерди өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы шайлоону колдоо Программасынын (БУУӨП) көмөктөшүүсү менен “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында бир күндүк тренингдерди өткөрөт.
Катышуучулар төмөнкү маалыматтар боюнча кеңеш алышат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери;
- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;
- шайлоо талаш-тартыштарын кароо тартиби.
Тренингдер Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча өткөрүлөт.
Жакын арадагы даталар:
| Жуманын күнү | Дата | Өткөрүлүүчү жер |
| Бейшемби | 23.09.2021 | Бишкек шаары |
| Жума | 24.09.2021 | Бишкек шаары |
| Ишемби | 25.09.2021 | Кант шаары |
| Дүйшөмбү | 27.09.2021 | Ош шаары, Кара-Балта шаары |
| Шаршемби | 28.09.2021 | Джалал-Абад шаары, Сокулук айылы |
| Шейшемби | 29.09.2021 | Баткен шаары |
| Бейшемби | 30.09.2021 | Исфана шаары, Токмок шаары, Кочкор айылы, |
| Жума | 01.10.2021 | Кадамжай ш, г. Чолпон-Ата ш, Нарын шаары |
| Ишемби | 02.10.2021 | Каракол шаары, Гульчо шаары |
| Дүйшөмбү | 04.10.2021 | Өзгөн шаары, Боконбаево айылы, Кызыл-Адыр айылы |
| Шаршемби | 05.10.2021 | Талас шаары, Араван айылы |
| Шейшемби | 06.10.2021 | Кара-Суу шаары |
| Бейшемби | 07.10.2021 | Токтогул шаары, Ноокат айылы |
| Жума | 08.10.2021 | Кербен шаары |
| Ишемби | 09.10.2021 | Ала-Бука айылы |
| Дүйшөмбү | 11.10.2021 | Маасы айылы |
Тренингдерге катышуу үчүн төмөнкү байланыш номурларына кайрылууга болот: 0(312) 62-62-87, 0 779 059 111, 0 770 509 667, 0 708 210 010.