БШК ыктыярчыларды командага чакырат!

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы ыктыярчыларды майыптыгы бар жарандардын участоктоктордо добуш берүүсүнө катышууга көмөк көрсөтүүгө чакырат.

Ыктыярчылар командасы 2021-жылдын 15-ноябрынан 28-ноябрына чейин төмөнкү иштерге көмөк көрсөтүшөт:

— шайлоо өткөрүү тартибин жана добуш берүүгө катышуу эрежелерин калкка маалымдоо жана түшүндүрүү;

— добуш берүү күнү майыптыгы бар адамдарга участокто добуш берүүгө катышууга жардам көрсөтүү.

Өтүнмөлөрдү төмөнкүлөр бере алышат:

— жаштардын коммерциялык эмес уюмдары;

18 жашка толгон жана андан улуу курактагы жаштардын демилгечи топтору.

Ыктыярчылар командасына кошулууну каалагандар өтүнмөнү толтуруп, паспорттун көчүрмөсүн тапшыруулары керектелет.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 25-октябрына чейин (кошуп алганда).

Өтүнмөлөр төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

— Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 (КР БШК имараты), Жарандык билим берүү борбору;

— электрондук почта: cec0550031255@gmail.com

Маалымат алуу байланыштары: телефон: +996 312 626287,

Whatsapp/мобилдик номер +996 550 031255

Байланыштагы адамдар:

1. Сарбагышов Канимет

2. Турсунбаева Нуркыз

БИРГЕ БОЛСОК, БААРЫ КОЛУБУЗДАН КЕЛЕТ!

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X