БШКнын жаңы Регламенти бекитилди

14-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштурууда бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Бүгүн, 14-августта өткөн БШКнын жыйынында комиссиянын жаңы Регламенти бекитилди.

Жаңы документ 2026-жылдын май жана июль айларында шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык иштелип чыккан. Ошондой эле, БШКнын ишиндеги ички жол-жоболорду жаңылоо зарылдыгы эске алынган.

Жаңы Регламент комиссиянын ишин конституциялык мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирип, анын жоболорун иш жүзүндө бирдей колдонууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, БШКнын 2025-жылдын 10-сентябрындагы №73 токтому менен бекитилген мурдагы Регламент күчүн жоготту.

14-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X