Быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталды

15-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21

Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган. Былтыр 6060 учур эсепке алынган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. Буга байланыштуу Министрлер кабинети зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын коргоого аларына убада кылды. Бул максатта 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоо 3 эсеге көбөйтүлүп, 20 млн сомго чейин жогорулатылаары белгилүү болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X