Быйыл Бишкекте 6 миңден ашык ипотекалык батир берилет
Бишкек шаарында быйыл 6 миң 300гө жакын ипотекалык батир жарандарга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстан боюнча 90 миңден ашуун жаран “Менин үйүм” программасы аркылуу турак жай алуу үчүн кезекте турат. Алардын жарымына жакыны Бишкек шаарынын тургундары.
Борбор калаада жалпысынан 48 миңден ашык жаран “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча батир алуу кезегин күтүүдө.