"Эркин-Тоо"

Быйыл Кыргызстанга 10 млн турист келери күтүлүүдө

2023-жылы Кыргызстанга 10 миллионго чейин турист келиши мүмкүн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 45%га көп. Мындай божомолду 14-апрелде Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Маданият министрлигинин Туризм департаментинин директору Самат Шатманов айткан. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шатмановдун айтымында, быйыл департамент 10 млн туристти күтүүдө. Өткөн жылы өлкөгө 6.9 млн турист келген. Бирок бул бир гана чет элдик коноктордун саныбы же бул Кыргызстанда эс алгандардын жалпы саныбы, тактаган жок.

«Бизде 50гө жакын мамлекеттик курорттук-санаториялык мекемелер бар. Коронавирустук пандемиядан кийин дарылоочу жана ден соолукту чыңдоочу туризм калыбына келтирилди. Биз Ысык-Көл облусун өнүктүрүү стратегиясын иштеп жатабыз», — деп кошумчалады чиновник.

Депутат Бахридин Шабанов туризмди өнүктүрүү үчүн жеке эс алуу жайлары өздөрү тазалоочу курулмаларды курушу керек экенин белгиледи.

«Биз бул багытта өнөктөштөр менен иштеп жатабыз, 25 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттерди бөлүү каралып жатат.Мен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, эксперттер менен жолугуштум. Жакында ишти баштайбыз», — деп жооп берди Шатманов.

Руслан Жакышов туризм тармагына канча каражат бөлүү каралганын сурады.

Департаменттин башчысы 2020 жана 2021-жылдары коронавируска байланыштуу 4.7 млн доллардан бөлүнгөнүн, 2022-жылы бюджет 39.8 млн долларга чейин көбөйгөнүн айтты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!