Быйыл мугалимдердин жетишсиздиги азайды
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, 2021-жылдын сентябрына карата республикада мугалимдерге болгон муктаждык 2 миң 150 адисти түзгөн. Бирок окуу жылынын башталышында, башкача айтканда 15-сентябрда жаш адистердин келиши менен муктаждык азайып, учурда 755 мугалим гана жетишпей турат. Министрлик учурда бош орундарды толуктоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.