Быйыл Ошко 20 миңге жакын көчөт отургузулат
Быйыл, 2026-жылы, Ош шаарына 20 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын иши менен таанышкан учурда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, жаз эрте келгенине байланыштуу көрктөндүрүү иштери ыкчамдатылат. Мэр Алымбек датка көчөсүнөн автобекетке чейинки тилкеге жакынкы убакта көчөттөрдү отургузууну тапшырды.
Ошондой эле жашылдандыруу чарбасынын күнөсканасы текшерилип, гүлдөр менен көчөттөрдү сырттан сатып алуунун ордуна өзүндө өстүрүү милдети коюлду.
Мэр кызматкерлердин айлыгы жакын арада көбөйөрүн айтып, шаар тургундарын да жашылдандыруу иштерине катышууга чакырды.