Быйыл жумушсуздук боюнча жөлөк пулду алууга 70 миңдей адам кайрылган

22-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 36

Бул тууралуу Социалдык колдоо, эмгек жана миграция министрлигинин социалдык камсыз кылуу департаментинин социалдык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Алапаева билдирди. Анын айтымында алардын ичинен 248 адамга жөлөк пул берилген.

«Сентябрга карата жумушсуздук боюнча жөлөк пулду алууга 70 миңдей адам кайрылган. Анын ичинен 248 адамга берилди. Бул жөлөк пул жаран жумушсуз катары расмий катталгандан кийин 11 күндөн баштап дайындалат. Ал жарандын эмгек тажрыйбасына жараша коэффициенттик, пайыздык өлчөмдө бекитилет. Ал эми «үй-бүлөгө көмөктү» 16 жашка чейинки балдары бар 113 миң аз камсыз үй-бүлө алат. Ошондой эле ар кандай категорияда майыптыгы барлар, ата-энеси же камкордуктан ажыраган 96 миңден ашуун жаранга социалдык жөлөк пул төлөнөт. Мындан тышкары, ардагерлер, «афганчылар» жана башка жалпы 25 категориядагы 35 миң жаранга акчалай компенсация берилүүдө. Булардан сырткары, бир жолку берилүүчү төлөмдөр бар. Мисалы, ушул жылы 110 миңден ашуун жаранга «балага сүйүнчү» төлөндү. Ал төрт миң сомдон, үч эм же андан ашса ар бир балага 50 миң сомдон каралат. Быйыл 25 миңдей аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча, эки миңден ашуун жаран сөөк коюу боюнча жөлөк пул алды», — дейт Алапаева.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X