Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 27-февралдагы республикалык жыйында Кыргызстанда алгачкы жолу имамдарга мамлекеттик төлөм берилерин билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 2025-жылы 235 имамга ай сайын 8 миң сомдон төлөм дайындалган. Ал эми 2026-жылдын февраль айынан тарта 4000ден ашуун имамга 15 миң сом өлчөмүндө маяна берүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кызматтык автоунаалар менен камсыздалган.