2021-жылдын 7-сентябрь күнү Чүй РИИБнүн нөөмөт бөлүмн аймактык ооруканадан 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Чүй РИИБдүн ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда, ал буга чейин аймактык ооруканага жаткырылып, 7-сентябрь күнү ооруканадан каза болгондугу аныкталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алгач ээнбаштык беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Б.З. аттуу жаран бычакталып, алган жаракатынан улам каза болгондугу такталган.
Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесине (Киши өлтүрүү) которулган. Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип 1975-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.