Чүйдө өрттүн кесепетинен 2 жаран денесинен күйүк алды

4-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 24

Чүй районунун Виноградный айылында жайгашкан эски иштетилбеген винзаводдун аймагында, азыркы учурда менчик механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан цехтин ичинде таштанды, мазут жана автопокрышкалар күйдү. Бул тууралуу ӨКМ басма — сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү ишкананын кароолчулары өздөрү өчүрүүгө аракет кылып 1985ж.т. К.З. аттуу жаран бет, моюн жана колунан күйүк, 2003ж.т. К.У. денесинин 50% күйүк алышкан.

 Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу (реанимация) бөлүмүнө жеткирилген.

Өрт саат 03:15те чектөөгө алынып, 05:31де толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө Токмок шаардык №21 ӨККБдан бир бөлүм тартылды.

«Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу», — деп белгилешет ӨКМдан.

4-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X