Чүйдө дайынсыз болгон индиялык жарандар табылды

14-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 21

Чүй районундагы капчыгайда дайынсыз болуп жаткан индиялык жарандар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, райондогу Кегети айылынын Кегети капчыгайынын Көлтөр эс алуучу жайына Индиянын 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишкен. Ал жерге куткаруучулар саат 22:30да жөнөп, саат 00:50дө жетишкен. Саат 05:25 чамасында индиялык 10 адам аман-эсен табылып, тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп берилди. Жарандардын абалдары жакшы.

Сүрөттөр ӨКМдики
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X