Чүйдө жол кырсыганын 9 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (6 аял, 2 эркек жана 1 жаш бала) каза болуп, 1 эркек жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ пресс- кызматы билдирет.

Жерине КР ӨКМнин КДМБнын 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

23-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X