Чүй ОИИББы: Жаш өспүрүмдүн денесине залал келтирүүгө шектүү кармалды

21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 22

2021-жылдын 20-апрель күнү Ысык-Ата РИИБнө Люксембург айылынын жашоочусу 1992-жылы туулган Ж.А. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү болжол менен саат 18:30 чамаларында 2014-жылы туулган жаш өспүрүм баласын аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринин алдында белгисиз бирөө денесине залал келтиргенин айтып ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү 1994-жылы туулган М.Н. кармалган.
Учурда баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган бала убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

21-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X