"Эркин-Тоо"

Чүй районунда “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү

2023-жылдын 8-10-февралында Чүй РИИБдин кызматкерлери, Чүй районунун билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү менен биргеликте райондун аймагында жашы жете элек кыздарды сойкулукка тартууга бөгөт коюу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү.

Бул иш-чаранын максаты жашы жете элек кыздарды сойкулук кылууга тартуу фактыларын болтурбоо, турмуштук оор абалда турган жашы жете электерди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы Жаңы-Жол интернатынын тарбиялануучуларына жана мектептердин окуучуларына түшүндүрүү иш-чаралары жана лекциялар өткөрүлдү. Ошондой эле, турак жайсыз, кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында коомдук жайлар, кафе-ресторандар, түнкү барлар, мейманканалар текшерүүгө алынды.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!