Чаткал районундагы В.И. Ленин атындагы мектеп-интернатта балдар өз кийимдерин колго жуушат

11-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Билим 22

“Укук Кербени” долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын аппарат жетекчиси А.Азарбеков, ошондой эле кызматкерлер А.Анарботоев менен А.Тожиханов Жалал -Абад облусунун Чаткал районунун В.И. Ленин атындагы мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүштү, бул тууралуу “Эркин-Тоо–kg” сайтына Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунан билдиришти.

Мониторинг учурунда бир топ кемчиликтер ачыкка чыкты. Белгилей кетсек,  мектеп ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиз, жашылчалар шыпыргы, калак өңдүү буюмдар менен аралашып жатат. А эми тамак-аш үчүн текчелер жок,тамак жасоо үчүн шарттардын жоктугун айтууга болот. Бир гана тоңдургуч камера бар.

Медициналык пунктта балдар-бейтаптар үчүн керебеттер талкаланганын байкоого болот. Санитардык түйүн жана башка бардык санитардык ченемдер да жокко эсе.

Кир жуучу жайда кир жуугуч машиналар жок. Ошондой эле  жашы жете элек мектеп окуучулар өздөрү кийимдерин колго (коридордо) жуушат. Кир жуучу жай шейшеп, төшөнчүлөрдү жууш үчүн гана колдонулуп келет. Ысык суунун жоктугунан аны ар кандай жолдор менен ысытып, пайдаланышат.

Интернаттын имараттарында суу түтүгү жана канализация дегенди көрбөйсүң.

Жалпы душ бөлмөсү начар абалда, мындан тышкары жуунучу бөлмө менен жатакананын ортосундагы аралык 700-800 м.ден ашык, анын натыйжасында күз-кыш мезгилинде балдар ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунуч утуулат. 

Интернаттын жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Ага Хан Фонду” интернаттын имараттарын жана жатаканаларын суу менен камсыз кылуу, мончону оңдоо үчүн 3 млн сом бөлгөн. Мындан тышкары, БУУӨП ушул эле максаттарга 1,2 млн сом бөлүп беришкен. Ошондой эле, 5 жыл ичинде интернаттын жетекчилиги ашкананы жана №1 окуу корпусун оңдоого грант тартууга жетишкен.

 «Биз окуучуларыбыздын билим алуусу, тамактануусу жана жашоо шарты үчүн тийиштүү жана ылайыктуу шарттарды түзүүгө абдан аракет кылып жатабыз. Бирок мамлекеттин колдоосусуз бардык көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес, ошондуктан биздин билим берүү мекеме ушундай кейиштүү абалда, бул балдардын укугун бузуу болуп саналат.

Учурда балдар жана кызматкерлер үчүн жатаканалар электр жылыткычтары менен жылытылат, ал эми электр энергиясы үзгүлтүккө учураса, бизде генератор жок болгондуктан, бөлмөлөрдү жылытууга мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу жогорку жактагы жетекчиликке кабарланган»-деп интернаттын директору билдирген.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги шашылыш түрдө бардык зарыл чараларды көрүүгө жана бул билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларына, мугалимдерине жана кызматкерлерине туура жана мыйзамдарга ылайык шарттар менен камсыздоо үчүн натыйжалуу жардам көрсөтүүсү зарыл деп эсептейт.

Эске салсак,»Укук Кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2-баскыч» программасынын колдоосунун негизинде мүмкүндүк алды.

11-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Билим 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X